www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Элине, Кыргыз Республикасынын президенти А.Ш. Атамбаевге, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарына, фракция лидерлери И.Ш.Өмүркуловго (“СДПК”), О.Ч.Текебаевге (“Ата-Мекен”), Ө.Т.Бабановго (“Республика- Ата Журт”), К.К.Исаевге (“Кыргызстан”), Б.Э.Төрөбаевге (“Өнүгүү- Прогресс”), А.Т.Сулаймановго (“Бир Бол”) жана ММКларга К А Й Р Ы Л У У

Урматтуу Алмазбек Шаршенович! Урматтуу Эл өкүлдөрү! Сиздерге Россия Федерациясында жашаган миңдеген кыргыз диаспора өкүлдөрү жана мекендештер атайы Кайрылуу менен кайрылып жатабыз, биз чет жерде жүрсөк дагы Кыргызстанда болуп жаткан саясий-экономикалык жана мамлекетибизде болуп жаткан ар кандай көрүнүштөргө кайдыгер болбостон ар тараптан кабардар болуп турабыз.

Негизи биздин кайрылуубуздун маңызы, коомдук саясий ишмер, саясатчы Кубанычбек Кадыров жөнүндө болмокчу. Сиздерге белгилүү болгондой 2016-жылдын 23-мартында ал УКМК (ГКНБ) тарабынан “мыйзамсыз мамлекеттик бийликти күч менен басып алганы жатат” деген шылтоо менен эки айга камака алынган. Биз бул көрүнүштү өтө тынсыздануу менен кабыл алып жатабыз, себеби Кадыровтун Кыргыз Республикасынын Конституциясында көрсөтүлгөн укуктары көз көрүнөө одоно түрдө бузулуп, анын кадыр- баркы, ар-намысы бийлик тараптан тебеленип жатканы бизди абдан өкүндүрөт, ар бир жарандын “өз ара пикир алышуусу купуя сыр катары саналаарын жана өз ойлорун ачык билдирүүгө, тынчтык митингдерин өткөрүүгө мыйзам жол берээрин эскертип кеткибиз келет. Чынында Кадыров мамлекетибизде болуп жаткан чындыкты, калыстыкты айтып чыкканы үчүн мыйзамсыз куугунтукталып, камалып отурат. Өкүнүчтүүсү революция болгону алты жылдын жүзү болсо дагы, кайсы гана тармакты албайлык мамлекетибизде ич жылытаарлык өзгөрүүлөр болбой жатканына абдан кабатырбыз. Элге берген убадалар унутта калып, өз максатына жетпей турат. Элибиз эгемендике жетишкен 25 жылдан бери карапайым калктын көйгөйлөрү биз күткөндөй жыйынтык бере элек, себеби Акаевтын, Бакиевтин түбүнө жетишкен, кошоматчы эки жүздүү чиновниктер бүгүнкү күнгө чейин Ак үйдө үзүрлүү эмгектенип жатышкан учурлары. Ал эми жаратылыш кен байлыктары, жер-суу, отун-энергетика, жолдор ж.б. стратегиялык объектилер Кыргы элинин менчиги катары улуттук кызыкчылыкка кызмат кылуусу үчүн мамлекеттин менчигинде болгону туура деп эсептейбиз. Кубанычбек Кадыровду жаш, өсүп келе жаткан таза саясатчы деп билебиз, анын Кыргызстанды өнүктүрүү боюнча иш пландарын угуп, абдан ыраазы болуп, колдоого алганбыз.

Баса белгилеп айтсак, Кыргызстандагы Кадыровду колдогон мекендештерибиз менен биз толук тилектеш экенибизди билдиргибиз келет, биз тараптан дагы Кубанычбек Кадыровту коргоо боюнча комитети түзүлүп жатканын жана жакын арада тийиштүү жерлерге өз талаптарыбызды, үнүбүздү жеткирүү боюнча ар кандай иш чаралар жүрүп жатканын билдиргибиз келет. Жогорудагылардын негизинде Кубанычбек Кадыровду тез аранын ичинде камактан бошотуп, үй-бүлөсүнө болгон саясий куугунтукту токтотууну талап кылабыз. Мунун арты эч кандай жакшылык менен бүтпөөрүн эскертип кетмекчибиз.

Терең урматтоо менен Россия Федерациясындагы кыргыз диаспора өкүлдөрү жана мекендештер: Жоопкерчилиги чектелүү «Манас-Ата» коомунун президенти Полотбеков Матмырза Тагаевич РФ, Ханты-Мансийск аймагындагы коомдук уюм, улуттук маданият «Киргизия-Север» борборунун президенти Айдаров Кубанычбек Куттузович РФ, «Ата-Мекен» кыргыз диаспорасынын жетекчиси Пусуров Камбар Ырысбаевич, Эмгек миграция көмөк көрсөтүү боюнча фондунун жетекчиси Сариев Закир Акматович, «Ала-Тоо-Оренбург» аймактык коомдук уюм, кыргыздардын улуттук борборунун жетекчиси Кебекбаев Бактыбек

Булак: NazarNews.kg

Последние новости