www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бел боо күрөшү боюнча машыктыруучу Жеңишбек Токтоназаровго “Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген машыктыруучусу” наамы ыйгарылды. Бул тууралуу КРнын Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, наам жогорку класстагы спортчуларды даярдагандыгы, спортчуларды тарбиялоодо баа жеткис эмгеги үчүн, ири мелдештерде, дүйнөлүк чемпионаттарда ийгиликтүү оюн көрсөткөндүгү үчүн, дене тарбия жана спортту өнүктүрүүгө кошкон өзгөчө салымы үчүн берилди.

Белгилей кетсек, спорттук наамдарды ыйгаруу жөнүндө чечим Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин коллегиясынын 2016-жылдын 23-декабрындагы No 11-2 токтому менен бекитилген бирдиктүү спорттук классификациялоонун талаптарына ылайык кабыл алынган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости