www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги жана Coursera (АКШ) уюму Coursera Workforce Recovery (жумушчу күчүн калыбына келтирүү) программасынын алкагында жумушсуздар жана башка каалоочулар үчүн акысыз онлайн-курстарды уюштурат. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы маалымдады.

Платформада катышуучуларга IT, гуманитардык илимдер, экономика, физика, медицина, ишкерлик, маркетинг сыяктуу керектүү кесиптерге багытталган 4300дөн ашуун курстар, ошондой эле дүйнөдөгү эӊ мыкты деп табылган Stanford, Yale, Princeton, MIT сыяктуу университеттеринен сунушталат. Окуу курсту аяктагандан кийин, бүтүргөндүгү боюнча акысыз сертификат берилет жана аны менен дүйнөлүк мейкиндикте жумуш табуу мүмкүнчүлүгү түзүлөт.

 

Программа COVID-19 пандемиясынын таасиринин шартында, жумушсуз калгандарга колдоо көрсөтүү жана жаңы ыкмаларды үйрөтүү менен эл аралык эмгек рыногунда жарандын атаандаштык жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга максатталган.

Катышуучулар 30-октябрга чейин англис жана орус тилдеринде курстарга жазыла алат жана курстун саны чектелбейт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости