www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Минск эскертүүсүз түрдө Литва, Латвия, Польша жана Украина менен чек арасын жапты.
Беларус мамлекеттик чек ара комитети чек аралардын жабылышын коронавирус инфекциясынын жаңы түрүнүн тарашы менен түшүндүрдү. Күн мурун Александр Лукашенко эгер бул өлкөлөрдөн агрессия учуру катталса, армия анын мизин кайтарууга даяр экенин билдирген.
Ошондой эле “Азаттыктын” беларус кызматы чек араларда тыгын пайда болгонун жазган. Беларустар үйлөрүнө кайта албай жатканына даттанышууда.
Белгилей кетсек, чек арадан дипломатиялык жана жүк унааларын гана өткөрүшүүдө. Ошол эле маалда Минск аэропорту кадимки режимде иштөөдө.
Эскерте кетсек кечээ, 29-октябрда Александр Лукашенко АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео менен сүйлөшүп, ага Польша, Литва, балким Украина тараптан кыймыл болсо жооп берерин эскерткенин айткан. Ошол эле күнү ал бул өлкөлөр менен болгон чек араларын бекемдөөнү тапшырган.
Булак: NazarNews.kg