www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Беларустун лидери Александр Лукашенко Орусия көп сандаган аскердик техника жана курал-жарак берерин жарыялады. Ал 1-сентябрда Бобруйск шаарында сүйлөп жатып Орусиядан жакында ондогон учак, абадан коргонуу системалары алып келинерин билдирди. Лукашенконун айтымында, курал-жарактардын арасында С-400 ракеталык системасы да болушу мүмкүн. Лукашенко аскердик техника кандай шарт менен берилерин тактаган жок.

Ал ошондой эле 9-сентябрда Беларус менен Орусиянын интеграциясын талкуулоо үчүн орус президенти Владимир Путин менен жолугарын ырастады. Анын маалыматы боюнча, эки өлкө ортосундагы 28 интеграциялык жол картасына октябрь-ноябрь айларында кол коюлат.

Соңку жылдары орус президенти Владимир Путин эки өлкөнүн интеграциясы маселесин утур-утур көтөрүп, Лукашенкону 20 жыл мурда түзүлгөн келишимди ишке ашырууга ишарат кылып келет.

Орток валютасы, соту жана бажысы болгон союздук мамлекет түзүү боюнча келишим 1999-жылы 8-декабрда кабыл алынган. Бирок Лукашенко өз өлкөсү Орусиянын курамына кирбей турганын кесе айтып, көнбөй келген.

Бирок былтыр августта Беларуста бийликке каршы жүрүштөр башталганда Лукашенко Орусия менен жакындап, эки өлкөнүн интеграциясы боюнча бир нече сүйлөшүү өткөргөн.

Булак: NazarNewes.kg

Последние новости