www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Талибан" кыймылына баш ийбей жаткан Улуттук каршылык көрсөтүү тобу жайгашкан Ооганстандын түндүк-батышындагы Панжшер провинциясында согуштук аракеттер жанданды.

Ахмат Масуд баштаган топтун басма сөз катчысы Фахим Даштинин айтымында, талибдер Панжшерге батыш тараптагы капчыгайдан кирип келүүгө аракет кылып, бирок олуттуу жоготууларга учурады. Ал талибдердин бул чабуулу каршылык көрсөтүү тобунун күчүн байкоо максатында уюштурулган болушу мүмкүн деп божомолдоодо.

Улуттук каршылык көрсөтүү тобунун мүчөсү, Ооганстандын мурдагы коргоо министри Бисмилла Мухаммади "Талибандын" 1-сентябрга караган түнү жасаган чабуулунан жети талиб өлүп, бир нечеси жаракат алганын билдирди.

1-сентябрда талибдер каршылык көрсөтүү тобуна багынып берүүнү сунуштады. "Талибандын" жетекчилеринин бири Амир Хан Моттаки Панжшердеги лидерлер менен сүйлөшүү жыйынтык бербегенин, мындан улам кыймыл провинцияны күч менен алууга ниеттенип жатканын билдирди. Анын айтымында, жоочулар Панжшерди төрт тарабынан тең курчоого алып, "Талибан" жергиликтүү тургундардын арасынан провинциянын губернаторун жана башка кызмат адамдарын дайындады.

Панжшердеги каршылык көрсөтүү тобунун башчысы Ахмад Масуд жарандык согушту каалабай турганын айтып, кан төгүүнүн алдын алуу үчүн талибдерди бийликти бөлүшүүгө жана жалпы өкмөт түзүүгө чакырды. "Талибдер менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз. Аларга тоталитардык өкмөт түзүү — түрдүү каатчылыктарга алып келе турганын түшүндүрүүгө аракет кылуудабыз. Ооганстан бардык этникалык топтор катышкан инклюзивдүү өкмөткө муктаж болуп турат. Ушундай өкмөттү гана дүйнө коомчулугу тааныйт", — деп билдирди ал "Би-Би-Синин" перс кызматына берген интервьюсунда.

Жашоочуларынын көпчүлүгүн тажик улутундагы адамдар түзгөн Панжшер провинциясы Ооганстандагы талибдердин көзөмөлүнө өтө элек акыркы аймактардын бири болуп эсептелет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости