www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Беларусту 27 жылдан бери башкарып келе жаткан Александр Лукашенко бүгүн, 9-сентябрда Москвага барды. Беларустун мамлекеттик "Белта" жаңылыктар агенттиги жазгандай, ал орус президенти Владимир Путин менен эки өлкөнүн ортосундагы 28 союздук программаларды дагы бир жолу талкуулайт. Ошондой эле жолугушууда Ооганстандагы кырдаал жана Тажикстанда жакынкы күндөрү өтө турган регионалдык саммиттер тууралуу сөз болот.

Лукашенконун бул сапары эки тарап Беларустун суверендүүлүгүн чектей турган макулдашууларга кол коюшу мүмкүндүгү тууралуу жоромолдорго жол ачты. Жакында Беларустун Орусиядагы элчиси Владимир Семашко эки өлкөнүн ортосундагы союздук мамлекет түзүү тууралуу келишимдин жол картасы дээрлик даяр экенин, Лукашенко менен Путиндин жолугушуусунун алдында толук жыйынтыктала турганын айткан.

Соңку жылдары орус президенти Владимир Путин эки өлкөнүн интеграциясы тууралуу маселени утур-утур көтөрүп, Лукашенкону 20 жылдан ашык убакыт мурда түзүлгөн келишимди ишке ашырууга ишарат кылып келет.

Орток валютасы, соту жана бажысы болгон союздук мамлекет түзүү боюнча келишим 1999-жылы 8-декабрда кабыл алынган. Бирок Лукашенко өз өлкөсү Орусиянын курамына кирбей турганын кесе айтып, көнбөй келген.

Бирок, былтыр августта Беларуста бийликке каршы жүрүштөр башталганда Лукашенко Орусия менен жакындап, эки өлкөнүн интеграциясы боюнча бир нече сүйлөшүү өткөргөн. Ошондой эле Лукашенко Москвага тез каттай баштады.

Ал 1-сентябрда Бобруйск шаарында сүйлөп жатып, Орусия Беларуска көп сандаган аскердик техника жана курал-жарак берерин жарыялаган. Анын айтымында, курал-жарактардын арасында С-400 ракеталык системасы да болушу мүмкүн. Аскердик техника кандай шарт менен берилерин тактаган эмес. Эки өлкө ортосундагы интеграциялык жол картага октябрь-ноябрь айларында кол коюларын айткан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости