www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Марлен Маматалиев шайлоого күүлүү чыкты, аягы кантет?

“Ынтымак” партиясын парламенттик шайлоого алып чыккан Марлен Маматалиев Кыргызстандын көпчүлүк аймактарынан тизмеге кирчү талапкерлерин тактап, бекитип, болгону Чүй облусунун айрым округдарынан гана үзөңгүлөштөрдү таба элек экен.

Учурда саясый сукбаттар кызуу жүрүп атканын эшиттик. Айрым билермандардын баамында, “Ынтымак” партиясынын бюджети толуп, капчыктуу талапкерлер да арбын катталыптыр. Марлен Маматалиев бизнестен депутаттык кызматка келген, учурда саясаттын ой-кырын өздөштүрүп калган лидерлердин катарын толуктайт.

Атасы Абдырахман Маматалиев тээ Аскар Акаевдин доорунан бери келаткан белгилүү чиновник. Баардык жагынан жипке тизген шурудай көрүнгөнү менен бир түшүнүксүз жагдайды эске алалы.

Жакында өткөн Ош шаардык кеңешиндеги шайлоодо “Ынтымак” партиясы жакшы эле аламанга кошулуп, элдин колдоосуна арзып калган чакта, эмне үчүн жарыштан чыгып калды? Марлен мырза аягына чейин күрөшпөй койду го... Кандай сырлар бар? Алдыдагы парламенттик шайлоодо да алкынып атып, кетенчиктеп кетпейби?..

Булак: Азия News гезити

Последние новости