www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кытай Кыргызстанга 1,5 миң тонна буудай берет

Кытайдын Синьцзян-Уйгур автономдук району Кыргызстанга 1500 тонна буудай жана COVID-19 менен күрөшүүгө жеке коргонуу каражаттарын гумжардам катары жөнөтөт. Бул тууралуу КРдин Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Бүгүн, 9-сентябрда, тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Кытайдын элчиси Ду Дэвень менен жолуккан.

"Тараптар кыргыз-кытай кызматташтыгынын актуалдуу маселелери боюнча пикир алмашып, буга чейин жетишилген келишимдердин аткарылышын талкуулашты. Ошондой эле 16-17-сентябрда Душанбеде өтө турган ШКУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин жыйынын уюштурууга байланышкан маселелер каралды", — деп айтылат маалыматта.

Министр менен элчи ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктү мындан ары да чыңдоо үчүн бардык жаатта кызматташууга даяр экендиктерин белгилешкен.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости