www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Швейцариянын жараны Даниель Бейшат Кыргызстандагы GERGERT SPORT компаниясына 1 миллион 200 миң евро акча жумшап, бирок алданып калган. Бул тууралуу ал бүгүн, 9-сентябрда маалымат жыйында журналисттерге билдирди.

Даниель Бейшат Швейцарияда жашайт. Ага Германиянын жана Кыргызстандын жаранымын деген Виталий Гергерт менен барып таанышат. 2016-жылы Виталий Гергерт Кыргызстанда GERGERT SPORT компаниясы бар экенин айтып, ага жылдык дивиденд боюнча 12 пайыз менен инвестиция салууну сунуштаган.

Ал эми Бейшат Виталий Гергертке Швейцариянын банкынан 1 миллион 200миң евро акча алып инвестор катары берген. Бирок, Гергерт 2019-жылы ишеничтен чыгып, качып жүргөн. Инвестор айласыздан Кыргызстанга келүүгө мажбур болуп, укук коргоо органдарына арыз менен кайрылган. Тилекке каршы алар тараптан эч кандай  жакшы жыйынтык болбогонуна нааразы. Ал телеканалдар аркылуу Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровго кайрылып, акыйкат маанилүү экенин белгиледи.

--“Башында 100 миң евро инвестициялангам. Кызматташтыктын кепилдиги катары кол коюлган келишимде каражат кайтарылбаса, анын Бишкектеги Гоголь көчөсү 119 дарегинде жайгашкан дүкөнүн алып кете алам деп жазылган.

Виталий Гергерт 2016-жылдан 2017-жылга чейинки мезгилде дивиденддер туруктуу негизде төлөгөн. 2019 -жылдын аягында менден 200 миң доллар өлчөмүндө транш алып, дароо жоголду. 2021 -жылдын 17 -мартында Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматына кайрылдым. Тергөөнүн жыйынтыгында В.Гергерт мени 1 миллион 200 миң евро өлчөмүндө алдап кеткени белгилүү болду”, - дейт ал.

Инвестор ошондой эле В.Гергерт жалгыз эмес экенин айтып, аларга кошумча Наталья Луцева-Гергерт, Рафхат Рахматуллин, Элдияр Келгембаев, Айдай Таласбекова, Азиз Нарынбеков, Бактыгүл Керимовалар кошумча экенин белгиледи. Д.Бешат В.Гергерттин ишмердүүлүгүнүн коррупциялык компонентине эч кандай тиешеси жок экенин айтты. Ал эми Швейцариялык инвестор Даниель Бейшаттын жубайы Нурипа Бейшат аларды алдап кеткен Виталий Гергерт жактоочуларды дагы сатып алды деп эсептейт.

--“Мен Швейцариялык инвестор Даниель Бейшаттын жубайы болгонум менен Кыргызстандын жаранымын. Швейцарияда 17жылдан бери иштеп, жашайм. Бирок ушунчалык Кыргызстандагы укук органдары коррупцияга батып кеткенин билбептирмин. Керек болсо мурдагы жактоочубуз бизди алдаган адамга сатылып кетиптир. Ал сотко келгенде дайыма кечигип келчү. Көрсө Гергерт аны дагы сатып, алып, өзүн актап жүрүптүр. Гергерт алгачкы жылдары пайыздарды өз убагында төлөп жүрдү. Жолдошумду Кыргызстанга алып келип, коноктоп, кооз жерлерди көргөзүп, аябай сыйлаган. Спорттук кийим саткан дүкөндөрү менен тааныштырып, аларды чоңойтууну көздөп, заманбап кафе ачууну пландап жатканын айткан.

Биз ишенип кайрадан Швейцариялык банкынан 1 миллион 200 миң евро алып бердик. Биздин ишеничке кирген соң 2019-жылдан баштап телефон чалсак албай, качып жүрдү. Тилекке каршы банкка көп каражат карыз болуп, акчаны төлөй албай калдык. 2020-жылы Кыргызстанга келип, издеп милицияга арыз жаздык. Алар кармаганда 2 күн гана камалып, үй камагына чыкты. Кыргызстанда 6 айдан бери акыйкат издеп таппай жүрөбүз.

Учурдан пайдаланып мамлекет башчы Садыр Жапаровго, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылам. Өлкө өнүксүн десе инвесторлорго жакшы көңүл буруп, мыйзамдуу иш алып барууну жөнгө салышсын. Коррупциянын сазына баткан укук коргоо органдарын көзөмөлдөсүн”, - дейт ал.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости