www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Талибан" кыймылы Ооганстанда жаңы бийликтин түзүлгөндүгүн жарыялаган соң кыймылдын лидери катары таанылып келген Хайбатулла Ахунзада тууралуу маалыматтарды ачыктады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Талибдердин айтымында. Хайбатулла Ахунзада "Талибан" кыймылы түзгөн убактылуу өкмөттүн курамына кирген эмес. Анткени ал туруктуу орногон жаңы бийликти жетектейт.

Хайбатулла Ахунзада 1961-жылы Ооганстандын Кандагар провинциясында жарык дүйнөгө келген. Өз атасы чоң молдолордун бири болгондуктан, кичине кезинен баштап эле диний билимдерди үйрөнө баштаган. 1979-жылы Ооганстанда согуш башталганда үй-бүлөсү менен бирге Пакистандагы Кветта шаарына качып барган. Ал жакта диний окуусун улантып, медреселердин бирин жетектеген.

1980-жылы Ооганстанга кайтып келип, советтик армияга каршы салгылаштарга активдүү катышкан.

1994-жылы "Талибан" кыймылына кошулган. Ал убакта талибдер Ооганстандын Иран менен чектешкен аймагындагы Фарах провинциясын басып алышкан. Ахунзада болсо кыймылдын "кылмыштарга каршы күрөшүү" бөлүмүн башкарып калган.

Талибдер Кабулду басып алган 1996-жылы ал кыймылдын беделдүү кызматтарынын бирин жетектеп турган.

2001-жылы Ооганстанга АКШ күчтөрү кире баштаганда Хайбатулла Ахунзада "Талибан" кыймылынын уламалар кеңешинин башчысы кызматына дайындалган. Андан соң Ооганстандын башкы казысы болуп иштеген.

2015-жылы "Талибандын" лидерлеринин биринин орун басары кызматын аркалаган.

2016-жылы Ахунзада талибдердин башкы командачысы жана жетекчиси болуп дайындалганы жарыяланган.

Андан бери ал тууралуу маалыматтар белгисиз бойдон калган. Кийин бир канча ирет вирустан каза тапканы тууралуу айың кептер тараган. Бирок расмий түрдө тастыкталган эмес.

2021-жылы АКШ Ооганстандан аскерлерин чыгарып кете баштаганда кайрадан жалпыга маалымдоо каражаттарында пайда болуп, ооган элин аягына чейин күрөшүүгө чакырган.

Август айында Ооганстанды толугу менен басып алган "Талибан" кыймылынын келечектеги бийлигинин курамын аныктоо үчүн Кандагарга келгени кабарланган.

Ал эми 1-августта аталган кыймылды Хайбатулла Ахунзада жетектей турганы расмий түрдө жарыя кылынган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости