www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Беларуста Tut.by сайтына үч айга тыюу салынды

Беларуста көз карандысыз Tut.by жаңылык сайты бийлик үч айга тыюу салганын жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, Беларустун Маалымат министрлиги сайтты 1-октябрдан тартып үч айга маалымат каражаты деген макамдан ажыраткан.

Tyt.by маалымат каражаты деген макамы жок деле интернет-ресурс катар ишмердигин уланта берерин жарыялады. Бирок бул сайттын кабарчылары, сүрөтчүлөрү үчүн жаңы чектөөлөргө негиз болушу мүмкүн.

Белгилей кетсек, бул маалыматты Беларустун расмий бийлиги азырынча ырастай элек.

Эске сала кетсек, Беларуста 9-августтагы президенттик шайлоодон кийин саясий кризис тереңдеп баратат. Өлкөнү 1994-жылдан бери башкарып келе жаткан Александр Лукашенко акыркы шайлоодо жеңишке жетишкенин жарыялаганы менен, беларус оппозициясы анын жыйынтыгын таануудан баш тарткан. Шайлоодо Лукашенконун негизги атаандашы болгон 37 жаштагы Светлана Тихановская шайлоодон кийин өлкөдөн чыгып кетүүгө мажбур болгон. Ушул тапта Литвада жашап жаткан оппозициячыл саясатчы эл аралык коомчулукту шайлоону тааныбоого чакырып келет. Европарламенттин жетекчилиги Александр Лукашенкону Беларустун президенти катары тааныбай турганын өткөн аптада жарыялаган.

Ошондой эле 29-сентябрда Франциянын президенти Эммануэл Макрон Литвада Тихановская менен жолугуп, Беларустагы саясий кризисти жөнгө салуу үчүн аракет көрөрүн билдирди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости