www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ереван Түркияга таандык F-16 учагы Армениянын Су-25 согуштук учагын атып түшүргөнүн билдирди.
Маалыматка караганда, Армениянын Тышкы иштер министрлиги учактын учкучу өлгөнүн айтууда. Би-Би-Си Түркия бул маалыматты четке какканын жазды.
Шейшемби күнү Түркия президентинин жардамчысы Фахреттин Алтун Анкара Тоолуу Карабакты алуу үчүн Азербайжанга колдоо көрсөтүүгө толугу менен даяр экенин билдирген.
Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган «Армения Азербайжандын оккупациялап алган жерлеринен чыгып кетиши керек» деп айтан.
Ошол эле маалда Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюму (ЖККУ) боюнча Армения менен өнөктөш болгон Орусия Түркияга кайрылып, Бакуну ачык колдоодон карманууга жана маселени дипломатиялык жол менен чечүүгө көмөктөшүүгө чакырууда.
Шейшембиде Азербайжандын Коргоо министрлиги Армения алардын Дашкенсан районун аткылаганын билдирди.
Мекеме тараткан маалыматта «29-сентябрга караган түнү эки тарап чектешкен аймакта айыгышкан салгылашуу болду. Армян тарап 29-сентябрда саат 7.30да Варденис районунан Азербайжандын Дашкенсан районун артиллериядан аткылады», - деп айтылат.
Ереван Бакунун мындай дооматын «карандай калп» деп жокко чыгарды. Армениянын Коргоо министрлиги «атышуу ар кандай ыргакта уланып жатканын» билдирди.
Ошондой эле Армян коргоо министри Арцрун Ованнисян азери аскерлери Варденис айылына ок жаадырышканын кабарлады.
Азербайжан менен Армения чектешкен аймакта 27-сентябрдан тартып кырдаал курчуп жатат. Эки өлкө тең аскердик абал жарыялаган.
Белгилей кетсек, Тоолуу Карабак администрациясы 86 жоокеринин өлгөнүн билдирди. Карапайым кишилердин арасында да мерт болгондор бар. Азербайжан өз армиясындагы жоготуулар жөнүндө маалымат бере элек. Ошол эле маалда Баку жай тургандар арасында 30дай киши жабыр тартканын билдирүүдө.
БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерриш да эки өлкөнүн лидерлерин атышууну токтотууга чакырды. Ал сүйлөшүүлөрдү жандантууга, ЕККУнун байкоочуларын аймакка жөнөтүүнү сунуштады.
Эске сала кетсек, Баку менен Ереван 1990-жылдагы Тоолуу Карабак чатагынан бери касташып келет. Армения колдогон жикчилдер 1990-жылдардын башында Азербайжандын негизинен армян улутундагылар байырлаган бул аймагын ээлеп алган. 30 миңдей кишинин өмүрүн алган бул чатакты жөнгө салуу боюнча дипломатиялык аракеттерден азырынча майнап чыга элек.
Булак: NazarNews.kg