www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Беларусь президенти Александр Лукашенко менен Россия лидери Владимир Путин бүгүн, жекшембиде телефон аркылуу сүйлөшүп, сырткы күчтөрдүн басымы тууралуу талкуулашты. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Анын алкагында президенттик шайлоодон кийинки Минскидеги кырдаал жана сырттан жасалган басым боюнча пикир алышканы айтылат. Путин Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) багыты менен Беларустагы көйгөйдүн чечилишине көмөк көрсөтүүгө даяр экенин билдирген.
"Россия тарап Союздаш мамлекеттерди түзүү келишиминин принциптеринин негизинде көйгөйдүн чечилишине тиешелүү көмөк көрсөтүүгө даяр экенин тастыктады. Ошондой эле эгер муктаждык жаралса, ЖККУнун линиясы боюнча да жардамдашарын билдирди", — деп айтылат маалыматта.
Эске сала кетсек, 9-августта Беларуссияда президенттик шайлоо болуп өткөндөн кийин. Республикада шайлоо участоктору жабылгандан кийин, жыйынтыгын бурмалоого каршы массалык нааразычылык акциялары башталган эле. Нааразычылык акциясынын жүрүшүндө полиция жана ички аскерлер демонстранттарга каршы көздөн жаш агызуучу газ, гранаталар жана резина окторду колдонушкан.
Кийинчерээк, өлкөнүн ири өнөр жай ишканаларында иш таштоолор башталды, кызматкерлер жаңы шайлоону жана демонстрацияларга чыккандарга катаал мамиле жасоону токтотууну талап кылышты.
Булак: NazarNews.kg