www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Беларустун соту “Азаттык” радиосун экстремисттик деп тааныды. Аталган өлкөнүн коррупция жана уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча башкы Башкармалыгынын материалына негиздеп сот ушундай чечим чыгарды.
“Ошентип, Беларустагы Александр Лукашенконун режимин бүткүл көз карандысыз ММК телеграмм каналдары экстремисттик деп тааныды.
Өлкөнүн бийлиги сөз эркиндигине чабуул койгондугуна күбө болдук” – деп билдирет редакция.
Маалыматка ылайык, Беларуста 300гө жакында интернет ресурстар “экстремисттик” деп таанылды.
Белгилей кетсек, буга чейин “Белсат” деген поляктардын маалымат каражаты экстремисттик деп таанылган эле.
Август айында кудум ушундай эле чечим №Tribuna.com” деген спорт сайтына карата чыккан.
Буга кошо “Zerkalo.io Tut.by” жана анын соцтармактары, логотиптери экстремисттик деп эсептелет. 14-ноябрдан баштап “БелаПАН” маалымат агенттиги экстремисттик деп табылды.
Булак: NazarNews.kg