www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ява аралында жанар тоо атылып, 15 киши каза тапты

Индонезиянын Ява аралында жекшембиде Семеру жанар тоосу атылды. Бул тууралуу өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар мекемеси билдирди.

Маалыматка ылайык, анын кесепетинен 14 киши каза болуп, 56сы жараат алды.

Тоо эртең менен атыла баштаган, айланадагы айылдардын тургундары коопсуз жерлерге качууга арасыз болду.

Жолдор менен көпүрөлөр керектен чыкты, бир нече кыштакты күл басып калган.

Семерунун кратеринин айланасындагы беш чакырым жерге жакындоого тыюу салынды, бийлик чатырларды тигип элди жайгаштырды.

Семеру Индонезиядагы 120дан ашуун активдүү вулкандардын бири. Акыркы жолу январда атылган, адам өлүмү болгон эмес.

Жеринде куткаруучулар аман калгандарды издеп жатышат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости