www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Белгилүү драматург, жазуучу, коомдук ишмер, кыргыздын улуттук драматургиясына негиз салгандардын бири Токтоболот Абдумомунов 1922-жылы 15-августта Түркстан АССРинин Жаңы-Алыш айылында туулган. Азыркы бөлүштүрүү боюнча ал жер Кыргыз Республикасынын Чүй областынын Кемин районунун Жаңы-Алыш кыштагы. Атасы кызматкер болгон. Ал эми атасынын Рыспай деген агасы комуз чертип, санжырадан сүйлөп, жомокторун айтып берип, баланын көкүрөгүн ачууга шык берген.

Түрк элдеринин маданиятын колдогон ТүркСОЙ уюму 2022-жылды кыргыздын таланттуу драматургунун урматына арнап "Токтоболот Абдумомунов жылы" деп атаган.

Өзүн дарыгер болууга даярдаган.

1938-жылы Фрунзедеги медициналык окуу жайга кирип, кийин Жошолу айылдык советинде фельдшер, пункт башчысы болуп эмгектенген.

Жаш чагынан Фрунзе шаарына келип, медициналык техникумда окуйт. 1938-жылы фельдшер күбөлүгүн алат. 1939-жылы Фрунзе шаарындагы ошол эле жылы жаңы ачылган Кыргыз мамлекеттик медициналык институтуна студент болуп өтөт.

Оорусуна байланыштуу 3-курстан ары окуусун уланта албай калат. Медициналык орто билими менен Ош облусунун Гүлчө (азыркы Алай) районунун Жошолу айылында дарыгер болуп иштейт. Бирок тез эле медицина тармагы менен биротоло кош айтышат.

Котормочулук жана журналисттик кызматтары. Ден-соолугуна байланыштуу согушка алынбай калган Абдумомунов 1941-жылдан 1959-жылга дейре Кыргыз мамлекеттик басмасында, республикалык радиокомитетинде корректор, редактор, котормочу болуп иштеди. Ал арада Ошко барып облустук "Ленин жолу" газетасында кабарчы, Москвага барып, "СССР Жогорку Советинин ведомосттору" деген басылмада котормочу, "Советтик Кыргызстан" журналында (кийинки "Ала-Тоо") бөлүм башчы болуп, уламдан-улам кызматынан жогорулап отурган.

Чыгармачылыгы "Кумдуу чап", "Курман" пьесалары менен башталган.

Абдымомунов өмүрүнүн акырына чейин 30га чукул драмалык чыгарма жаратып, пьесалары кыргыз театрларынын сахналарынан түшпөй байма-бай коюлуп турган.

Ал чыгармачылык менен катар эле коомдук иштерди да активдүү жүргүзгөн инсан. Ал 1959-1971-жылдары Кыргызстан жазуучулар союзунун 1-катчысы, 1974-1987-жылдары Кыргызстандын театрлар коомунун төрагасы болуп эмгектенген.

Алгачкы пьесалары. Анын 1947-жылы 6-апрелде Кыргыз драма театрында "Кумдуу чап" деген пьесасы коюлган, анда мунай издеген кенчи-геологдордун ишмердүүлүктөрү чагылдырылган. Ошол эле жылы Жазуучулар союзуна мүчөлүккө кабыл алынган. Андан соң "Замандаштар" (1948), "Борбаш" (1949), "Курман" (1950), "Тар капчыгай" (1953), "Атабектин кызы" (1956) драмалары театрлар аркылуу элге көрсөтүлгөн соң, кыргыз маданиятына таланттуу драматург келгенинен кабар берди. Өзү театрга барып, пьесаларын окуп берип, режиссёрлор, актёрлор менен тыгыз иштешип, өнөрдүн бул түрүндө өтө жөндөмдүү экендигин көрсөттү.

Кыргыз ССРинин Жазуучулар союзунун башкармасынын төрагасы болуп шайланган. Ал мезгилде бул кызмат өтө жогорку даражада турган. Бир эле убакта Москвадагы СССР жазуучулар союзунун башкармасынын секретары да болуп калчу. Драматург бул кызматты 1959-жылдан 1971-жылга чейин аркалаган. Бул орунда буга чейин Аалы Токомбаев, Темиркул Үмөталиев, Касымалы Баялинов, Азиз Салиев иштеп келген. "Алтымышынчылардын" күргүштөнгөн дайрадай албууттанган поэзиясы, Чыңгыз Айтматов баш болгон кара сөзчүлөрдүн "жаңы генерациясы" дал ушул Токтоболот Абдумомунов жазуучуларды башкарып турган жылдарга туш келди. Ал интеллектуалдык бийик деңгээли, ар бир маселеде кеп бербеген чечендиги, эч кимге тебелетпеген кадыр-баркы менен ызы-чуулуу жазуучу журтун бир кыйла тынч башкарып берди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости