www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түркияда маймыл чечегинин биринчи учуру катталды

Түркияда биринчи жолу маймыл чечегине чалдыккан адам аныкталды. Бул тууралуу өлкөнүн саламаттыкты сактоо министри Фахреттин Коджа билдирди.

Маалым болгондой, бейтап 37 жашта, иммундук системасы начар. 

«Маймыл чечек оорусу биздин бейтаптардын биринен табылды. 37 жаштагы бейтапта иммундук системанын жетишсиздиги бар. Ал обочолонгон. Башка учурлар аныкталган жок. Белгилүү болгондой, бул оору абадагы тамчылар аркылуу эмес, физикалык тыгыз байланыш аркылуу жугат», — деп жазды министр Twitter баракчасына.

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун эксперттери маймыл чечекти пандемия деп таануудан баш тартышты. Бирок, алар кош бойлуу аялдарга жана балдарга жугуудан кооптонуп жатканын айтышкан.

ДССУнун соңку маалыматы боюнча, жыл башынан бери маймыл чечеги 48 өлкөдө 3,2 миң кишиден табылды.

Маймыл чечеги — сейрек кездешүүчү вирустук инфекция, ал адамдарга да жугушу мүмкүн. Бул, адатта, жеңил оору болуп саналат жана жуктуруп алгандардын көбү бир нече жуманын ичинде айыгып кетишет. Бирок кээ бири кыйналышы мүмкүн. Адистер маймыл чечегин жыныстык жол менен жугуучу инфекция деп эсептебейт. Анткен менен оорулуу адам менен жакын байланышта болгондор жугузуп алышы мүмкүн. Оорунун алгачкы белгилерине ысытма, баш оору, булчуңдардын оорушу, белдин оорушу, лимфа бездеринин шишип кетиши, чыйрыгуу жана чарчоо кирет. Көбүнчө беттен башталып, дененин башка бөлүктөрүнө исиркектер чыгат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости