www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Улуттук илимдер академиясынын корреспондент-мүчөсү, физика-математикалык илимдердин доктору, профессор, КРнын Эл мугалими, КРнын илимине эмгек сиңирген ишмер, белгилүү окумуштуу Өзгөрүш Шаршекеев 82 жаш курагында дүйнөдөн кайтты.
Шаршекеевич 1935-жылдын 12-апрелинде Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Кереге-Таш айылында туулган. 1959-жылы Кыргыз мамлекеттик университетин бүтүрүп, аталган университетте окутуучу, аспирант, ага окутуучу, доцент, кафедра башчысы кызматтарын аркалаган. Азыркы кезге чейин Теориялык физика кафедрасынын профессору болуп эмгектенип келген. Окумуштуу космосту, гравитациянын эйнштейндик теориясын жана талаанын кванттык теориясын камтыган, маанилүү деп эсептелген физиканын заманбап теорияларын изилдөөгө алган. Ошондой эле илимпоз тарабынан орто мектептин окуучулары жана жогорку окуу жайлардын студенттери үчүн физика, астрономия окуу китептери которулуп, кыргыз тилиндеги өзүнүн окуу куралдары жарыяланган. Анын ичинде 100дөн ашуун илимий эмгектери, 3 монографиясы бар.
Анын жаркын элеси илимий коомчулуктун, кесиптештеринин жана окуучуларынын жүрөгүндө түбөлүккө сакталат.
УИАнын жалпы жамааты Шаршекеев Өзгөрүш Шаршекеевичтин мезгилсиз дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.
Булак: NazarNews.kg