www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Мьянмада 7-июнда радарлардан жоголуп кеткен аскердик учактын калдыктарын табышты. Чоң аскердик учак менен байланыш үзүлгөндө, ал ичинде 122 кишиси менен Андаман деңизинин үстүнөн учуп бараткан эле. Учак менен курман болгондордун жансыз денелерин өлкөнүн түштүк бөлүгүндөгү жээктен алыс эмес Тавой дегенден айылга жакын жерден табышты. Аман калгандар жөнүндө маалымат айтылбайт.
Учакты издөөгө Мьянма флотунун тогуз кемеси, өлкөнүн аскердик аба күчтөрүнүн чалгындоочу үч учагы катышкан. Кытайда чыгарылган учак Мьянманын ири шаары Янгонго бараткан. Армиянын билдирүүсүндө берилгендей, учак ичинде 122 адам болуп, анын ичинен 15и балдар, 35и жоокерлер жана 12си экипаж мүчөлөрү экен, көпчүлүгү Янгон шаарына медцинадан өтүгүүгө баратышыптыр. Кырсыктын чоо-жайы азырынча белгисиз.
Булак: NazarNews.kg