www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
АКШнын 35-президенти Жон Кенединин бир тууган агасы, сенатор Роберт Кеннединин небереси жана сегиз жаштагы уулу дайынсыз жоголду. Бул тууралуу Washington Post жазып чыкты.
Басылманын маалыматына ылайык, 40 жаштагы Маев Кеннеди Таунсенд Маккин жана анын уулу Гидон Джозеф Кеннеди Маккин 2-апрель күнү түштөн кийин, АКШнын Мэриленд штатындагы Чесапик булуңунда кайыкта жүргөндө дайынсыз жоголушкан.
Бир күндүк ийгиликсиз издөөлөрдөн кийин - тик учактар жана куткаруучу кайыктар тартылып, эне менен бала өлдү деп жарыяланды. Бирок, алардын денелери дагы эле табыла элек.
Бул окуя Мэриленддин жээгиндеги Чесапик булуңунда болгон. Ал жерде апасынын үйүндө Маккин күйөөсү жана балдары менен карантинде болчу. Түштөн кийин, Меве менен Гидон жээкте ойноп, алардын бири кокустан топту сууга ыргытып жиберген.
Аны алуу үчүн апасы менен баласы кайыкка отурушкан. Катуу толкундун кесепетинен кеме жээктен чыгып кеткен. Жарым сааттан кийин кимдир-бирөө кайыктын катуу ылдамдыкта баратканын байкап, полицияны чакырган. Куткаруучулар 5 мүнөттөн кийин келишкен, бирок кайык дароо көздөн кайым болгон. Тилекке каршы, кайык эки жарым сааттан кийин табылып, Маев менен Гидон табылган эмес.
Эске сала кетсек, 1960-жылы АКШга Жон Кеннеди президент болуп шайланган.
Ал киши колду болуп 1963-жылдын ноябрында Кеннеди Техас, Далласта каза тапкан.
Булак: NazarNews.kg