www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстанда IPO концепциясы иштелип чыкты. Бул тууралуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын жетекчиси Арзыбек Кожошев журналисттерге билдирди.
Белгилей кетсек, анын жардамы менен кыргызстандыктар мамлекеттик компаниялардын акцияларын сатып алса болот.
Ал эми концепциянын максаты — ар бир кыргызстандыкка инвестор болуу мүмкүнчүлүгүн берүү.
"Концепцияга ылайык, ар бир кыргызстандык, алардын ичинде мигранттар дагы бар, мамлекеттик же мамлекеттин үлүшү бар компаниянын акциясын сатып алса болот. Жарандар 0,1 пайыздан көп эмес акцияны сатып алып, акционер боло алат. Ошондой эле, 10 миңдей кыргызстандык биригип "Манас" аэропорту, "Кыргызтелеком" сыяктуу ири ишканалардын 10 пайыз акциясын сатып алса болот", - деди Кожошев.
Булак: NazarNews.kg