www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Аксы Жаштар биримдиги коомдук фондунун негиздөөчүсү Мирбек Мунарбек уулу Фейсбуктагы өздүк баракчасынан белгилүү саясатчы Адахан Мадумаровдун 55 жаш курагы менен куттуктады.

"Мен Адахан Кимсанбаевичти жакындан таанып баштаганыма быйыл 10 жылдын жүзү болду. Ал кезде жашыраак, бүгүнкүдөн да курч, чачтар ак эмес, кара эле...

Бир кемеде тагдырдын оор сыноолорун көрүп, тажрыйба топтоп, бизди ар кандай кырдаалдарга такшалтып, кулаган сайын күчөгөнгө, турмуштун соккусуна туруштук берүүгө үйрөтүп келе жатат...

"Мен силердин курагыңарда оттой жалындап, күйүп турчу элем, өзүбүздөн улуулардын оозунан сөз чыга электе көзүнөн эле түшүнүп, жумушту жасап кирчү элек, сени карап Турдакун Усубалиевди көргөндөй болом, шашпай, кеч кыймылдап, оор басырыктуу болбогула балдар, 45 жаштан кийин ушундай мүнөз жарашат"-деп жакында эле жакшы кеңеш берди.

Саясат жөнүндө эч бир окуу жай бере албаган илимди, билимди көпчүлүк жаштарга жеткирип келе жатат.

Дагы бир жолу юбилейиңиз менен куттуктайм!
Бекем ден-соолук, кажыбас кайрат, узун өмүр каалайм.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости