www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзбекстанда баштыкка салынган эгиз ымыркайлардын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу өзбек маалымат булактары жазып чыкты.

Маалыматка караганда окуя, Өзбекстандын Жизак облусуна караштуу Дустлик районунда болгон. Анда жергиликтүү тургундардын бири арыктын жээгинде баштыкка салынган ара төрөлгөн эки  ымыркайдын денесин таап алып, милиция кызматкерлерине кабар берген.

Аталган райондун укук коргоо органдары дароо бул окуя боюнча териштирүү иштерин баштап, эгиз ымыркайлардын энеси 22 жаштагы кыз экенин аныкташкан. Мындан тышкары, балдарын таштап кеткен келин ушул эле райондун тургуну экени жана жолдошу жок экени белгилүү болгон.

 Учурда тергөө иштери уланып жатканы айтылат маалыматта.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости