www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
9-мартта социалдык тармактарга мектеп мугалиминин окуучуларды тилдеп, 8- мартка карата сый уюштурууну суранган тасма чыккан.
Кара-Кулжа райондук билим берүү бөлүмүнөн кабарлашкандай, тасмадагы мугалим аталган райондогу Баки Эшмамбетов атындагы орто мектебинде эмгектенет.
Белгилей кетсек, Билим берүү жана илим министрлигинин 2019-жылдын 1- октябрындагы (№1151/1) ар кандай даталуу жана майрамдык күндөргө карата мыйзамсыз акча чогултууга тыюу салынышы боюнча буйрукту аткарбаганы үчүн КР Эмгек кодексинин 83-беренесинин 8-пунктуна ылайык, жумуштан алынды.
Мындан тышкары, мугалимдер арасында жеткиликтүү түшүндүрүү иштерин жүргүзбөгөндүгү үчүн мектеп директоруна да тартиптик чара колдонулду.
Булак: NazarNews.kg