www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

--Саламатсызбы Бейшенбек Асекович, КР президенти Сооронбай Жээнбековдун саясый жүрүшүн кандай кабылдап жатасыз?

--Сооронбай Жээнбеков унчукпай олтуруп тынчтык жол менен ыңкылап жасап, мамлекеттик бийликтин негизги рычагдарын колуна алды. Экстин ыкка көнбөгөн "мураскорго" каршы мамлекеттик төңкөрүш жасоо мүмкүнчүлүгү жок калды. Бирок абал толук көзөмөлдө деп айтуу али эрте. Мамлекеттин куралчан структураларынын бир тобу дале экстин таасиринде. Ар кандай террордук акциялардын уюштурулушу да ыктымал. Себеби, бул өмүр менен өлүмдүн күрөшү сыяктуу. Элдик парламенттин жыйынында Бекболот Талгарбеков айткандай, АШАны "атка сүйрөтүп өлтүрөм" дегендер да, бүт былыгын чукуп түрмөдө чиритем дегендер да эми ачыкка чыгып, экстин тынч жашоосуна реалдуу коркунуч жаралды. Эл башы толугу менен эл тарапка өтүп, чечкиндүү кадамдарды жасап жатат. Болгону ушул багытын ара жолдо калтырбай аягына чыгарса Мухикодон кем эмес элдик президент, ал турсун Манастай улут сыймыгына айлануу шансы бар.

--Сапар Исаков, депуттарды "өлүккө" теңеди, кыргыз каада-салтын, сый-урматын билген жаран катары пикириңиз...

--БИЗДЕ ДЕПУТАТ ДЕГЕН ЖОК. Жепутаттар гана бар. Сапашка окшоп сөккөндө же шыбаганда алардын табияты өзгөрүп кетпейт. Аларды Сокеме окшоп жумшап, пайдалануу керек. Биринчи кезекте жакшы мыйзамдарды жазуу үчүн, чыныгы элдик депутаттар шайланаар саясий система түзүү үчүн пайдалануу керек. Тынчтык жол менен ыңкылап жасоого жетишкен эл башыбыздын колунда эми эл-журтубузду өнүгүүнүн даңгыр жолуна салып кетүү үчүн укмуш шанстар бар.

--Рахмат

Булак: NazarNews.kg

Последние новости