www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Эч кимге таанылбаган Мадумаров Акрам дегенди жердеши Икрам Илмиянов Кадамжай районуна аким кылып, андан соң президенттик аппарат башчысынын орун басарлыгына көтөрүп, азыр Мамлекеттик кадр кызматын колуна берип катуу көтөрмөлөгөн.
Жалпы коомчулук, оппозиция-позиция деп бөлүнбөй, азыркы президенттин саясатын колдоп жатса, аңдан чыга калгансыган Акрам "Кадр саясатын биз чечебиз! Кимди кайсыл кызматка жөнетүш менин колумда. Илмияновдун айткан кадрлары гана кызматка барат" дегендей кепти айтып, көкүрөк кагып жүргөнү ыраспы?
Эгер Жээнбеков баарыбызга каршы кылмыш ишин козгото турган болсо жок дегенде Баткен элин көтөрүп чыгабыз деп Кадамжайга барып келгени такталабы? Акрамдын оозунан ушул сөздөр чыкканын "үч тамганын" кызматкерлери далилдесе, бийликти басып алууга аракет кылган деп соттолуп олтурган Бектур Асанов, Кубан Кадыров, Б.Талгарбековдордун ордуна кирип калышпайбы? Ансыз деле Акрамдын артында Бел-Алма көмүр кени боюнча көп сездөр ээрчип жүрөт. Жөн жүрбөсө көмүр эле анын түбүнө жетиши мүмкүн.
Булак: Жаңы ОРДО