www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Белгилүү журналист Дайырбек Орунбеков эрте менен “Фейсбуктагы” баракчасына үй бүлөсүн баккан 7 жаштагы Эрмек тууралуу пикирин жазган.

“7 кичи райондо "Бета Сторес-2" соода борборунун алдында түнгө чейин туруп алып, "байке, сиздин балаңыз үчүн жарым акчасына эле берем",-деп өтө жагымдуу сүйлөп желим гүлдөрдү саткан 7 жаштагы баланы дайым көрөм. Бир жолу аны башка соода кылган чоң аялдар жаман сөз менен урушуп кубалап жатканын көрүп чакырып алып сүйлөшүп калдым. Аты Эрмек, атасы каза болуп, апасы Москвага иштегени кетип ал жактан паспортун жоготуп келе албай жатканын айтты. Карыган чоң энеси, кичинекей эки бөбөгү менен жашайт экен. Окуудан кийин 10-15 сомдон желим гүлдөрдү алып, аны 20 сомдон сатат. Кайырчылык кылбай, окуусун дагы таштабай кичинекей бизнес кылып үй бүлөөсүн өзү багат экен. Аябай тарбиялуу, сылык бала. Гүлүн сатып алсаң, мотурайып туруп "рахмат байке, сатып алганыңыз үчүн",-деп ыраазычылык айтат. Көргөн сайын 50-100 сомдон гүлүн сатып алам. "Байке, ашкан акчаңызды алыңыз",-деп чуркайт. Башынан сылап коем. Анан кечээ ойлоп койдум, 1-июнь балдар күнүндө акция кылып Эрмекти жетелеп алып, анын гүлдөрүн сатышып же сатып алсакпы деп. Эгер, жакшы адамдар бир нерсе ойлосоңуздар анын жашоосуна ишеним берип, кичинекей бизнесине жардам берели. Жашоосуна үмүт берип, ак эмгек менен үй бүлөөсүн баккан 7 жаштагы Эрмекти ак эмгек менен көп ийгиликке жете турганын ишендирели,-деген ал.

Бул пикир катуу талкууга алынып, интернет колдонуучулар Дайырбек Орунбековду Эрмекти таап дареги жөнүндө толук маалыматты жарыялоону суранышкан. Бир аз убакыттан кийин Эрмекти таап, анын чоң энеси, өзү менен сүйлөшкөн журналист жакында 1-июнда саат 18-00дөн саат 20:00 чейин Эрмектин желим гүлдөрүн чогуу сатууну пландап жатканын жарыялап, эрмектин сүрөтү менен бирге чыгарды. Иш чарага ырчылар, коомдук ишмер, активдүү интернет колдонуучулар келип жаш ишкерди колдой турганын жазып жатышат.

“Мен айткан Эрмек. Биз, кайрадан жолуктук. Быйыл буюрса күздө мектепке барат. Кыргызстандагы эң жаш үй кожоюну. Тайнесин, тайнесинин оорулуу апасын жана 1,5 жаш, 4 жаштагы бөбөктөрүн өзү багат. Буюрса, 1-июнда саат 18:00дөн 20:00 чейин анын гүлдөрүн кайрымдуу, боорукер адамдарга сатабыз.  Эрмектин атасы 2 жыл мурда каза болуп, 4 бир тууган жетим калган. Апасы 7 ай мурда Россияга кеткен, аны да жакшы эмес турмуш күтүп, паспортун жоготуп жибериптир. Тайнеси экөө гүл жасап, Эрмек аны сатып иш кылат. Кээ бир күндөрү аны башка сатуучулар кубалап, жаман сөздөр менен жемелейт. Бир күнү анын колдору көк ала болуп үйгө келген. Чоң сатуучулар колунан катуу кармап сүйрөп салышкан. Мындай оор турмушка кабылса дагы ак эмгеги менен үй бүлөөсүн багат. Сүйлөшсөң акылы тунук, зирек бала. Эсеп кысапты семичкедей чагат, ооз эки эле санап коет. Достор, Кыргызстандагы эң жаш ишкерди колдоп 1-июнда Бишкек шаарынын 7-кичи районунда, "Космо Парктын" алдынан боорукер адамдарды күтөбүз! Шаар ичине көп алуучуларга жеткирип беребиз. Сиздин сатып алуу - Эрмектин келечегине чоң салым! Дүйнө боорукер адамдар менен! Менин телефонум 0556 660 024”,-деп кошумча пикирин жазды Орунбеков.

Булак:NazarNews.kg

Последние новости