www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эмне үчүн учактар ак түстө

Учакка коркунуч алып келиши мүмкүн болгон ар кандай жаракалар жана агып калган май же башка белгилер көзгө оңой чалдыккандыгы үчүн учактарды ак түскө боеп-сырдашат. Асманда да дароо көзгө урунат. Ак түс оңуп кетпейт.

Дагы бир себеби, ак түс ысыкты өзүнө сиңирбейт жана учакты салкын кармайт. Башка түстөргө караганда ак жарыкты чагылтканы үчүн учактын бүт тулку-боюн ак түстө кармоого арекет кылышат.

Ак боёк башка түстөргө караганда бир топ арзан да турат. Башка түстөгү боёктор аралашмалуу болгондуктан коюу да болуп, сырдаганда калыңдап кетет. Башка түскө боёо 50 миң доллардан 200 миң долларга чейин чыгашаны алып келет. Акча үнөмдөө жана учакты жеңилирээк кармоо үчүн ак түскө боёо компания үчүн да пайдалуу.

Башка түстөгү учактар да бар. Негизинен коммерцилык багыттагы учактар ак түстө болот. Аларды ремонттоо жана жууп тазалоо да бир топ жеңил.

Которуп даярдаган Жыргалбек Ажиматов.
Булак: providr com

Последние новости