www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыскасы, сиздерге кеңеш балким акыл суроо менен, мен тааныган бир айымга жооп болсун дедим. Бул айымды жакшы тааныйм. Акыркы күндөрү өтө жакын, сырдаш болуп кеттик. Мактоо эмес... Жакшы айымдардын катарын толуктайт. (мүмкүнчүлүк болсо жолдошума алып берсем дегем, биздики духу жетпейт экен) Чын.

Учурда жолдошу жок бирок «кайра элдешүү мүмкүнчүлүгү бар анткени ортодо балдарым бар»... деп жүргөнү менен жолдошу кайрылып келүүгө ою азырынча жок! «Келип калат, балдары турат го», «мүмкүн келип калсачы, эл эмне дейт» деген бул жөн гана айымдардын өзүн-өзү алдоосу деп билем. (Мен билгенден жолдошу менен 7 жылдан бери жашабайт. Акыркы 2 жылдан бери байланыш такыр үзүлгөн)

Чыныгы мырзалар болсо таанышып көрсө... деп кеңеш берип жатам.

Убактылуу нике, 2-нике, ж.б. «былжырак» предложение «уже» чарчатса керек.... «мен да көңүлүм жаккан, алды, артымды ойлонуп, 1-жолдошуман лучше бирөөнү тапсам бирок мага күйөө табылган менен балдарыма «ата» табуу оңой эмес экен. Жолдошумду 7 жыл күттүм, акыркы 2 жылда балдары менен да байланышпай калды. Балдарын эч нерседен кем кылбай чоңойтуп койдум, мен да өз жашоомду ойлоно баштадым. Муздак дубалдар менен жашоого болот бирок муздак дене менен жашоого мүмкүн эмес экен. Канча дос-тамыр, урук-тууган, жакындар «түгөй» табышат... Бирок аларга менин көңүлүм макул болбой койду. Азыр деле ошол... Мен тандаган адамдар үй-бүлөсү бар болушат... Бирок менин тагдырымда ошол окуя болгон үчүн аларга да макул боло албайм. Бирөөнүн бейкүнөө кызы мендей болуп ыйлап калышын каалабайм. Жакындан бери бир мырзаны менин көңүлүмдөгү мырза деп жүрсөм... үй-бүлөсү бар экен.

Эч нерсе боло электе узатып коюшум керек эле... Бирок жүрөгүмдөн чыгара албай жүрөм. Башында ал, азыр мен абдан жактырып калдым. «Мен сенин оюндагыдай жолдош боло албасам керек, көңүлүңө жаккан башка бирөөгө макул болот окшойм... Сени кыйнап алат окшойм» деген жообу мени муунтуп туруп алды...Асман жер аңтарылып кеткенсип, 3 күн бул жашоону унутуп жашадым...Кайра 3 күндөн кийин өзү «сезимин» билдирип баштады, а менин «унутам! бүттү!» деген убадам унутта калды, кайра имерилип кеттим.

Жакындан бери мен ага шарт койдум. «Мени менен бирге болом десең, ата-энең менен же өзүңө жакын бирөөнү күбө катары алып келесиң, мен да күбө алпарам. Жолубуз адал болсун» деп шарт койдум.

Ал ойлонуп туруп.... «экөөбүздүн сезимимди башкаларга жарыялап эмне кызыгы бар. Биздин мамилени биз гана билели... Жарыя кылуунун кажети жок го. Сенин ата-энең күбө катары келем десе келишсин, мен ата-энемди күбө кыла албайм анткени алар каршы билем. Тагдыр кайып деп коёт, сен болгону аракет кылчы, макул болчу» деди. Менин кызыл жүзүм оңуп, азыркы күндөй жаркыган маанайым бузула түштү. Үн катпай турдум... Башыма бирөө чапкандай чыйрала түштүм.

- Макул! Мен шартымды айттым, сенин оюң боюнча эч кимге жарыя кылбай, каалаган учурда келип-кетип, убакыт өтсө же башка бирөө чыкса «кечирип кой, у нас не получается» - деп басып кете бересиңби? Сендейлер «тезектен көп» ... Дагы бир ойлонуп көр... Сени кыйнабайм, чечим сеники! Мага бул мамиле болбойт!» деп койдум. Мага кеңеш бериңизчи мен аны жакшы көрөм бирок үй-бүлөсүн сыйлайм... деп ыйлады бул ирет, бул сырдашым.

Мм... ээ-ээх! Мен билгенден өтө намыстуу айым. Кумурскадай тытынган айым. Жумушу, үй-жайы бар. 2 баласы колунда. Эри жокту эмес жолдошун үйгө калтырып, «ойноп» кеткендерди көрүп жүрөбүз. Бул айым өзгөчө айым бирок баары түшүнө бербейт.

Маалымат Арым Абдылдабекованын Фейсбук баракчасынан алынды

Булак: NazarNews.kg

Последние новости