www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Калктын 100 миңин эсептегенде COVID-19 оорусунун эң жогорку интенсивдүү көрсөткүчү Бишкек шаарында катталууда. Бул тууралуу бүгүн брифингде Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин коомдук саламаттык сактоо бөлүмүнүн башчысы Айнура Акматова билдирди.

Анын айтымында, бул көрсөткүч республикалык көрсөткүчтөн 2,3 эсеге ашып кетти.

«Андан кийин Ош шаарында оорунун көп катталган учурлары байкалууда», - деп кошумчалады ал.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 25-майга карата коронавирус дагы 298 адамдан аныкталды, ал эми 314 бейтап айыгып чыкса, 8 адам каза болду. Пандемия башталгандан бери 103 миң адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 96 миң 433 киши айыгып чыкса, 1 миң 765 адам каза болгон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости