www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Москванын Басмандык районундагы храмдардын биринде белгисиз бир киши элдерге бычак менен кол салды. Окуянын натыйжасында эки адам жаракат алды. Бул тууралуу  паблик «112». билдирди.

Маалыматка ылайык, кол салган адам храмга кызмат учурунда кирип кеткен. Күбөлөр кылмышкерди полиция кызматкерлери келгенче эле өздөрү кармап алышкан.  

Учурда эки жаракат алган адамдын абалы жана окуя эмне себептен келип чыккандыгы тууралуу маалымат жок.

Храмдын башчысы Кирилл Сладков белгисиз кара кийимчен, кулагында наушниги бар адам кирип келгенин айтат. Анын айтмында көзүндө көз айнек, колунда медициналык кол кап бар болчу.

26 жаштагы Ефим Ефимов Сладковдун жардамчысынын колуна бычак сайып, андан кийин экинки жардамчысынын ийинине сайган. Экөө тең ооруканга жеткирилген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости