www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түркмөнстандын Көктепе району 2019-жылдагы эң мыкты аймак сынагында жеңүүчү аталып, сыйлыкка 1 миллион АКШ долларын алды. Бул тууралуу "Борбор Азия жаңылыктар кызматы" билдирди. 

Мамлекеттик ТДХ маалымат агенттигинин билдиришинче, сыйлык тапшыруу аземине өлкөнүн вице-премьер-министри, паламент депутаттары баштаган аткаминерлер катышты.

Ахал облусунун Көктепе акимчилигине 1 миллион доллар сыйлык тапшыруу тууралуу буйрукка президент Гурбангулы Бердымухамедов кол койгон.

Көктепе районунда президент Бердымухамедов туулган. 7-февралда өнөр жай жана курулуш министри болуп дайындалган түркмөн лидеринин жалгыз уулу Сердар Бердымухамедов буга чейин Ахал облусун жетектеген.

Сердар Бердымухамедов Ахал облусун башкарып турганда пахта терим боюнча жарыштарда бул аймакка биринчи орун ыйгарылып, жаңы облус борборун куруу үчүн 1,5 миллиард АКШ доллары бөлүнгөн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости