www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Белизгейт” УКМКда жок болуп чыкты

Жогорку Кеңештин жыйынында Белиздеги офшор боюнча КТРКнын журналисттеринин суроо-каттарына келген жооптордун түп нускалары кайда жоголгонуна кызыгышты. УКМКнын төрагасы Идрис Кадыркулов Белиз боюнча документтердин мекемеде катталбаганын билдирди.

Депутаттар КТРКнын 2016-жылдагы сюжетин көрсөтүштү, анда УКМКга катар эле журналисттер дагы Белизге суроо-кат жөнөтүп, ал жактан расмий документтерди алышканы айтылган. КТРКнын башчысы Илим Карыпбековдон аларды көрсөтүүнү өтүнүштү.

Илим Карыпбеков “бул иш менен журналист Канат Каниметов алектенген. Биздин кызматкерлер юристтер менен бирге Белизге суроо-кат жөнөтүшүп, жообун алышкан. Бардык түп нускаларын биз УКМКга бергенбиз. Көчүрмөлөрү бизде сакталат”, – деп жооп берди.

УКМК ал документтердин аларда да жоктугун билдирди, аларды Башкы прокуратурага беришкен.

“Биз иликтөө жүргүзгөндө УКМКнын экс-башчысы Абдил Сегизбаев түшүнүк кат жазган. Ал алынган документтер шашылыш мүнөзгө ээ болгонун айткан. Бирок, биз документтерди таап, далилдей албадык. Алардын кайдан алынганы белгисиз”, - деп моюндады Идрис Кадыркулов. Башкы прокурордун орун басары Нурлан Дүйшөмбиев “Өтө жашыруун” деген грифке шылтап, иштин жагдайын ачуудан так кесе баш тартты.

“Биз иликтейбиз. УКМК иштин материалдарына “Жашыруун” грифин койгон. Эгер аны алып салышса, биз ал маалыматтарды азыр болсо да көрсөтүүгө даярбыз. Алар биздин жаныбызды. Араңарда сыйлуу адамдар, генералдар, укук коргоо органдарынын мурунку кызматкерлери отурушат. Сиздер муну түшүнүүңөр керек. Мен азыр, сырды ачпай туруп, жалпы жагдайларга гана токтоло алам”, - деди Нурлан Дүйшөмбиев.

Депутаттар чуулгандуу иш боюнча толук маалымат бербегендиги үчүн эки мекемени тең сындашты.

Жакында УКМК жетекчилиги менен ТИМ Белизден расмий жооп ала албай жатышканын, андыктан Абдил Сегизбаевдин кагаздарынын расмийлиги тастыкталбай жатканын билдиришкен.

2016-жылдын күзүндө УКМКнын башчысы Абдил Сегизбаев президентке Белизден келген апостилдерди көрсөткөн. Анда “атамекенчи” үч депутат “МегаКомдун” үлүштөрүнө мыйзамсыз жолдор менен орток болгону жазылган эле. Ал эл аралык документтин реалдуулугу күмөн жаратып, коомдо кызуу талкууга жем таштаган. Өз учурунда жардамга келген КТРК юристтери жана кабарчысы Канат Каниметовдун колу менен Белизге суроо-кат жөнөтүп, ал жактан расмий жооп алышканын, жоопто А.Сегизбаевдин колундагы документтер чыныгы экендиги тастыкталганын жарыялаган.

Жөнөкөй журналистке расмий жооп кайтарып, документтерди тастыктап берген Белиздиктер Кыргызстандын расмий органдарына жооп бербей койгонуна таң калгандар көп болууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости