www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казак мажилиси Кыргызстанга бериле турган 100 миллион доллар боюнча келишимди колдоду. Бул тууралуу «Уласть» порталы маалымдайт.

Эскерте кетсек, бул акчаны Казакстан Кыргызстанга Евразия экономикалык биримдигине кошулгандыгы үчүн техникалык жардам катары берет. Казакстандын финансы министри Бахыт Султановдун айтымында, жардам акчалай, жабдуу, товар жана кызмат түрүндө болот. Акчанын ар бир бөлүгүн которууда, өзүнчө келишим түзүлөт.

Каражат ЕАЭБдин жол картасын ишке ашыруу жаатындагы чараларга гана жумшалышы керек. “Бербестин ашы бышпас” болуп, эки жылдан бери берилбей создугуп келе жаткан каражат кеч болсо да бериле турган болду.

Мунусуна да шүгүр дейли.

Булак: “Фабула”

Последние новости