www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

16-июнда Facebook'тун колдонуучусу Айкөкүл Маматова Бишкектин Биринчи май райондук администрациясына нааразычылыгын билдирген. Анын жазган маалыматына ылайык КР Президентине караштуу мамлекеттик башкаруу академиясынын студенти катары муниципалдык мекемеде 12-июнда окуу практикасы башталган.

Ал эми анын эртеси "иш кагаздардын жалпы" бөлүмүнүн башчысы практиканттарга палас жуудурткан. Мындан улам студенттер саат 9:00до келишип, кечки 20:00до үйлөрүнө кетишкен. Бул көрүнүш 4 күн бою кайталанып, алар практикага тиешеси жок иштерди аткаруу менен кечки 19:00го чейин администрацияда кармалышкан.

Бирок жума күнү жобого ылайык студенттердин практика өтүүчү убактысы саат 9:00-16:00го чейин деп окуу планда бекитилгенин жетекчисине билдиришкен. Бул жооптон улам жетекчиси практиканттардан баш тартарын айткан, себеби ал андай убакыт менен келип-кетүүгө каршы экен. 

Ал эми аталган муниципалдык мекеменин даттануусу менен студент кыздар практикасын өтө алышпай, күз айларына калышкан. Ошентсе дагы алар социалдык түйүн аркылуу мэрияга кайрылышып, Биринчи май райондук администрациясын көзөмөлгө алууну суранышкан. Ал эми студенттерге болсо бул мекемеден алыс болгонуңар жакшы беп кеңешин жазышкан.

Булак: "5news.kg"

Последние новости