www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жан-дүйнөсү назик адамдар, чыгармачыл инсандар, окумуштуулар кээде боорду эзген кылык-жоруктарды жасап, ар нерсени «балп» эттирип салышат эмеспи.

Дегеним, экс-депутат, экс-министр Каныбек Осмоналиев социалдык тармактардагы жеке баракчасына: «Жумушсуз калсам «агалагандар» айлана — чекемден жок болуп кетишти. Үй-бүлөм менен эле бир туугандарым калышыптыр!

Ошол «агалагандар» менден кутулуштубу же мен алардан кутулдумбу? Бирок, эмнегедир жеңилдей түшкөндөй болуп жүрөм!!!» — деген билдирүүсүн жазып чыкты. Баягы, депутат кезинде бир топ иштерди бажарып жүрчү Каныбек агабыз ишсиз калып коӊултактап айткандай.

Осмоналиевдин ооматы келип турганда коюн кончуна кирип жүрчүлөр ушу кишини капа кылбагылачы? Өчүрөткө туруп алып, ал-жай сурап турсаӊар боло. Антпесеӊер Каныбек мырза калп болсо да «жеңилдей түшкөндөй болуп жүрөм» — дегени менен каӊырыгы түтөп эле, капшыты эӊшерилип аткандай…

Булак:"de-facto.kg"

Последние новости