www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Акыркы жылдары Кыргызстанда ажырашкан түгөйлөрдүн саны көбөйгөнү айтылып жатат. Үй-бүлө куруу үчүн сезим керек болсо, аны сактап калуу үчүн ошол сезим жетиштүүбү?

- Үй-бүлө куруу үчүн сезим керек болсо аны сактап калуу үчүн терең ишеним, кечиримдүүлүк керек. Кызганыч үй-бүлөнү буза турган башкы коркунуч, той болот тойдун эртеси да болот деген кеп бар кыргызда, анын сыңарындай тойдун эртесин ойлонбойт экенбиз биз. Жашоо жалаң май сүттөн турбайт, өйдө-төмөн, оош-кыйыш дегендей, анын үстүнө кийинки жаштар көбүнчө жомок жашоону кыялданып алганбыз, интернеттен не бир шумдуктарды, люкс жашоону көрө берип айрыкча кыздар дал ошондой жашоодо дароо эле жашап кеткиси келип баштары айланып калган заман, а реалдуу жашоо такыр башка, кыз жигит сүйлөшүп жүргөндө көпчүлүгүндө маска, беткап болот, бир эмес бир нече түрү менен, анан баш кошкон соң ошол масканын баары шыпырылып түшө берет, анан чыныгы жүздөр жарыкка чыга келгенде ажырашуулар көп болот. Мен бул тууралуу мурун ыр да жазгам:

Ар сөзүбүз айланып гүлдөн балга,

Артист болуп сүйлөйбүз сүйгөн жанга.

Чыгат анан баш кошкон күндөн тарта,

Чын жүзүбүз окшошуп күйгөн нанга, - деп. Азыркы биздин муунда жана келе жаткан жаш муундарда кечиримдүүлүк, түшүнүү, сабыр кылуу деген сапаттар жокко эсе, үйдө аялдын тили кыска болуусу керек, а эркек майдачыл, көр жеме болбошу керек, ошондо бир топ кырсыктар жандап өтүп кетээри анык. Баары майдадан башталат, дароо эле бал жашоо болуп кетсе анын доору бат эле бүтөт, эки түгөй бирин-бири колдоп-коштоп түшүнүү менен жашаса турмуш оорчулугун оңоюраак жеңет беле деген ой!

Гүлмира ШАРШЕЕВА

Булак: "Факты.kg"


 

Последние новости