www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«АКШнын бийлиги демократиялык принцип, баалуулуктарды айтып, адам укуктарын колдой тургандыктарын жар салышканы менен өздөрүнүн гоеосаясий кызыкчылыктарына келгенде демократия дегенди уруп ойношпой тургандыгын көрсөттү», - деген пикирин Мирлан Дүйшөнбаев билдирди.

«АКШнын Мамкатчысы Помпеонун автократиялык Казакстан менен Өзбекстанды колдоп, жактап, жакшы сөздөрүн жаадыргандары буга далил. Чындап келгенде андай жакшы сөздөрүн Кыргызстандын дарегине айтышы керек эле. Тескерисинче, Кыргызстанга карата визалык чектөөлөрдү киргизип, кыргыз бийлигине кысым көрсөтүп, бул жагынан жаманбы, жакшыбы демократиялык баалуулуктар сакталган, адам укуктары корголгон Кыргызстанды Африканын айрым өлкөлөрүнө теңеп койгондугу таң калыштуу. Муну АКШнын кош стандарттык саясаты дейбизби? Ушундан кийин АКШ өзүн дүйнөгө, эл аралык коомчулукка демократияны колдоп, жактаган, автократияны айыптаган держава катары сыпаттабай эле койсо…",- деп кошумчалаган Дүйшөнбаев.

Эске сала кетсек, АКШ алты мамлекеттин, анын ичинде Кыргызстандын жарандарына иммиграциялык виза берүүнү чектөө чечими 31-январда жарыялаган. Ушул жылдын 21-февралдан тарта күчүнө кирчү буйрукка ылайык, АКШ тарап кыргызстандыктарга виза бербейт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости