www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ал ошондой эле жалпыга маалымдоо каражаттарына белгилүү социалдык тармактарда баракча ачып, "дүйнө коомчулугуна улуттук экономикадагы жетишкендиктерди даңазалап турууну" тапшырды.

Түркмөнстан дүйнөдөгү эң жабык өлкөлөрдүн бири болуп саналат. "Чек арасыз кабарчылар" уюмунун сөз эркиндиги боюнча көрсөткүчүндө эң акыркы, Түндүк Кореянын алдындагы орунда турат.

Ушул жылдын башында түрмөн президенти мамлекеттик мекеме-ишканаларга расмий сайт ачууну тапшырган. Анын алдында мамлекеттик маалымат каражаттары ошол кезде Ахал дубанынын башчысы болуп турган уулу Сердар Бердымухамедов аймакта биринчилерден болуп документтерди электрондоштурууга өткөргөнүн жазышкан.

Түркмөн бийлиги өлкөдө коронавирус бар экенин ушул күнгө чейин ырастай элек. Бирок бийлик оорунун жайылышына каршы катуу чара көрүп жатат. Бул өлкөдө оорунун жайылып-жайылбаганы тууралуу анык маалымат алуу мүмкүн эмес. Буга чейин бийликтин көрсөтмөсү менен «коронавирус» деген сөздү колдонууга, жазып, айтууга тымызын тыюу салынган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости