www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Учурда парламенттик шайлоого шымаланып аттана турган партиялардын бири «Республика», өткөн 2015-жылдагы парламенттик шайлоого «Ата-Журт» партиясы менен бирге аттанып «Республика –Ата-Журт» фракциясын түзүшкөн. РАЖ фракциясын алгач  Өмүрбек Бабанов жетектесе, андан соң Руслан Казакбаев, Жыргалбек Турускуловдор жетектешти. Парламенттик жыл аяктай элек жатып бул фракциядан Динара Исаева, Марлен Маматалиев сыяктуу депутаттар таштай качышты. Бул партия парламенттик шайлоого катышары бышык, бирок кандай жол менен барат, анткени бул фракция эки жикке бөлүнүп турат. Биринчиси Бабанов баштаган топ, экинчиси Алиярбек Абжалиев баштаган топ. Бул жерде да эки версия бар, биринчи версия Өмүрбек Токтогулович Алиярбек Токобековичке моюн сунуп, биригип, анын айтканы менен болот. Экинчи версия «Республика» партиясы парламенттик шайлоо алдында экиге бөлүнүп кетет.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости