www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусия президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Александр Лукашенконун Кремль Беларус башчысын шайлоого кийлигишүүдө деген билдирүүсүн четке какты. Бул туралуу Борбордук Азия жаңылыктары жазып чыкты.

Песков мындай айыптоо менен чыккан тарап кандайдыр бир аргумент келтириши керектигин, бирок ал жок экенин билдирди. “Бул боюнча иликтөө жүргүзүү маселесине келсек, кудайга шүгүр, Вашингтондо жашабайбыз”, – деди Песков.

Беларус президенти Лукашенко өлкөнүн ички ишине жана шайлоого Орусия жана Польша тараптан кийлигишүү болуп жатканын билдирген. Ал кандайдыр бир далил келтирген эмес, болгону “азыркы беларус бийлигинин оппоненттери таза шайлоо өткөрүүнү талап кылып, бирок өзүлөрүн туура эмес алып жүрүшкөнүн” гана айткан. Лукашенконун пикиринде, оппозициячыл талапкерлер кимдир бирөөлөрдүн “куурчагы”.

Беларус башчысы “Телеграмда” Орусия түзүмдөрү тараптан "үрөй учуруучу фейктер" да тарап жатканына даттанган. Лукашенко жакын арада шайлоого кийгилишүү маселесин Владимир Путин менен талкуулоону пландоодо.

Беларуста президенттик шайлоо 9-августка белгиленген. Өлкөнү 1994-жылдан бери башкарып келе жаткан Александр Лукашенко алтынчы мөөнөткө ат салышууда.

18-июнда анын негизги атаандашы, “Белгазпромбанктын” мурдагы башчысы Виктор Бабарико камакка алынган. Лукашенко “Беларустагы Майданга бөгөт койгонун” билдирген. Бул жапырт нааразылык жаратып, митингдер учурунда оппозициянын 500дөн ашуун тарапташы жана акцияны чагылдырган журналисттер кармалган.

Булак: NazareNews.kg

Последние новости