www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Президент Садыр Жапаров Нарын, Талас, Баткен шаарларынын жолдору демөөрчүлөрдүн каражатына курулуп жатканын "Кабар" маалымат агенттигине курган маегинде билдирди.
"Нарын шаарынын ички жолдорун оңдоп-түзөп, асфальтталып жаткандыгына өзүбүздүн эле ишкер жигиттерибиз себепкер болуп жатат. Мисалы, ошол эле Жумабек Салымбековду билесиздер, өз ыктыяры менен демөөрчүлүк кылып берген 50 миллион сомго Нарын шаарынын жолдору салынууда. Өмүрбек Бабановду да билесиздер, бул ишкер 80 миллион сом, жеке ишкерлер Марат Назарбеков жана Алмазбек Тиленбаев 30 миллион сомдон бөлүштү. "Бакай" банкынын ээси Сергей Ибрагимов болсо 200 миллион сомду ортого салды. Бул каражаттарга Талас менен Баткен шаарларынын ички жолдорун оңдойлу деп жатабыз", — дейт мамлекет башчысы.
Жапаров ошондой эле Жалал-Абаддын ички жолдорун оңдоп-түзөөгө республикалык бюджеттен 2 миллиард сом каражат бөлүнгөнүн кошумчалады. Өлкө башчы аты аталган ишкерлер өз ыктыярлары менен демөөрчүлүк кылып жатканын белгилеп, берешен, март жигиттер деп сыпаттаган.
Маекте айтылгандай, быйыл Нарын шаарында жалпы 18,5 чакырым узундуктагы 44 көчөнү оңдоо иштери жүрүүдө. Андан тышкары, Талас, Баткен жана Жалал-Абад шаарларынын да ички жолдору оңдолуп, асфальт төшөлөт.
Булак: NazarNews.kg