www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 27-апрелде Бишкек шаарындагы Улан-2 кичи районундагы батирдин терезесинин торуна кыпчылып калган киши куткарылганы маалымдалган. Көп өтпөй Октябрь РИИБинин басма сөз кызматы окуянын чоо-жайын айтты.
2021-жылдын 19-мартында жаран А.Т. аттуу жаран Д.Ч. аттуу адамга чара көрүп берүүнү суранып милицияга кайрылган. Анда анын 7-апрель көчөсүндөгү көп кабаттуу үйлөрдүн бириндеги батирине мыйзамсыз киргенин айткан.
Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.
21-апрель күнү Октябрь РИИБинин кызматкерлери Д.Ч. аттуу жаранды кармап келип, андан соң эч жакка кетпөө милдеттенмеси менен кое берилген. Ошондой эле ал жарандын катышуусундагы эки кылмыш иши боюнча сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатканы аныкталган.
"Сурак учурунда шектүү аталган батирде мурда расмий түрдө ажырашып кеткен аялы С.А. менен жашагандыгын көрсөткөн. Жакында турак жай боюнча көйгөйлөр жаралгандыгына байланыштуу, ал ашкере чараларды көрүп терезеден кирүүгө аракет көргөнүн айткан", - деп жазылат маалыматта.
Булак: NazarNews.kg