www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Аттан түш, ажыке, сүйлөшөлү… Жакалашпайлы. Сотко сүйрөшпөйлү. Зоболосу бийиктеги адам жөөчөн адамга төөсүнөн да, ат көлүгүнөн да жерге түшүп сүйлөшкөн нарк бар кыргызда. Тек, «РухЭш» сайтынын Сизге узатаар соболдоруна сабырдуулук менен ачык жообуңузду гана берип коюңуз. Чычаламай жок. Кеп мындай, ажыке!

Эл арасында Угарман Маамыт, Көрөрман Маамыт, Жер тыңшаар Мааты дегендерибиз бар. Азырынча Жер тыңшаар Маамытыбыз сиз тууралуу дагы-дагы көптөгөн маалыматтарды топтоп жүрөт. Жер тыңшаар Маамытыбыз келгиче Угарман Маамыт менен Көрөрман Маамытыбыз айтып келген маалыматтардан улам сөз кыябы келип туру.

Береги заңгыраган үйлөр Бишкек шаарынын Алматы көчөсүнүн боюндагы Көк-Жар айылынын Алапаев көчөсүнүн кесилиштериндеги сизге тиешелүү жеке менчик экенин кулагыбыз чалганынан улам – ал кансарайда өзүңүз жана үйбүлөңүз жашаарын бышыктап билүү үчүн эки жылдан бери Угарман Маамыт, Көрөрман Маамыт, Жер тыңшаар Маамыттарыбыз сиздин кансарайдын тегерегинде эле каттап калышты, байма-бай жүрүштү.

Бул маалыматты билип-билбей туруп жарыялап жиберүүдөн кармандык. Шашылышы жок маалымат топтоп келдик… Көрөрман Маамытыбыз, береги бийик коргондогу кансарайлар жеке өзүңүзгө гана тиешелүү үйлөр экенин айтат. Чынбы? Анын чын-төгүнүн эми өз оозуңуздан уксак кантет? Бүтүндөй бир квартал жер аянтчаны коргондоп алып, ошол коргон ичине үч-төрт кабаттан турган дагы эки жаңы имарат курдурган экенсиз. Ал эмне максатта курулган жайлар экенин жамы журтка өз оозуңуз менен жооп кылсаңыз дурус болор эле. Ал имараттар диний окуу жай үчүн курулду бекен же шарият жолу менен төрт катын алчу молдокелердин токолдору үчүн атайы курулган жайбы?

Сыртынан карасак, жатакана кейиптенет, а ички сырын сизден башка жан киши айтып берер эмес. Буга не дейсиз? Биздин үч Маамыттын устачылык да жайлары болгондуктан, Көк-Жар айылында курулган айрым үйлөрдүн ээлери да кимдер экени бизге толук маалым. Албетте, бизде да береги сүрөттөгү үйлөр өзүңүзгө тийешелүү экенин укканда күмөнсүү пайда болду. Себеби адамдагы ач көздүк жөнүндө курган сиздин дин баяндарыңызга кулак түргөнүбүздө, айтып келесиз го: «Мусулман адамдын чөнтөгү болбошу керек»…

А бирок ушу кепти айткан сиздей диний аалым эл ичиндеги Угарман Маамыт, Көрөрман Маамыт, Жер тыңшаар Маамыттардын көзүнө, сөзүнө илинбей коймок белеңиз?.. Мынча байлык-мүлктүн кайдан экени суроо жаратат. Деги канча кансарайыңыз бар? Же бир короонун ичинде ушунча көп үй-бүлө күткөнсүзбү? Агер чөнтөгү жок мусулман баласы курдурган кансарайлар эле ушундай болсо, а чөнтөктүү мусулмандардын канчадан кансарайы болду экен, ажыке?..

Угарман Маамытыбыздын айтымында, ыйык Орозо Угарман Маамытыбыздын айтымында, ыйык Орозо күндөрү түн жарымында же таңга жуук үйүңүзгө келгенде дарбазаңызды өзүңүз ачып кирбей, кошуна- колоңдоруңуздун түн уйкусун бузуп; Лексус 570 маркасындагы жол тандабас авто-унааңызды пипилдетип уйку бербегениңиз чынбы?

Көрөрман Маамытыбыз айтканына караганда, ыйык Орозо күндөрү сизди ооз ачканга чакыргандар оголе көп болгондуктан үйүңүзгө түн жарымында келип, дарбазаны өзүңүз түшүп ачкандан эриниппи же текебердигиңизден уламбы, же курсагыңыз ошончо чердейип тоюнуп келгениңизден улам жерге түшпөйт окшойсуз, айтору, күрүлдөгөн Лексус 570 жол тандабасыңыздын пипилдеги Көк-Жар айылында жашагандардын тынчын алаарын ойлонбодуңуз беле?

Өзүңүз менен ийиндеш жүргөн эле билермандардын айтканына караганда, береги сиз минип жүргөн Лексус 570 авто-унааңыздын баасы эле жүз миң долларды чапчыйт дешет, чынбы?..

Агер улук башыңызды кичик кылып, «йе, гөтөк, андай эмес, мындай» дей турган жообуңуз болсо береги дарекке [email protected] жообуңузду жазып жөнөтүп жиберүүңүздү суранабыз. Сиздин да өз чындыгыңыз бардыр дейбиз, ажыке…

Булак: "ruhesh.kg"

Последние новости