www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Массалык маалымат каражаттары жөнүндөгү» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кошумчаланып жаткан өзгөртүүлөр Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин кезектеги жыйынында экинчи окууда каралып, жактырылды. Бул тууралуу ЖК басма сөз кызматы билдирди.Массалык маалымат каражаттарын юридикалык жак катары каттоодон өткөрүүдө ашыкча бюрократиялык жолтоолуктар жоюлат.

Депутат А.Касымалиева катталуу мөөнөтүнүн 10 күнгө чейин кыскартылып жатышы убакытты тарытып, айрым ММК үчүн ыңгайсыздыктарды жаратар-жаратпастыгына кызыкдар.

Социалдык тармактардагы ачылып жаткан баракчалардын ушул сунушталып жаткан мыйзамга канчалык деңгээлде катыштыгы бар экендигин депутат Садык Шер-Нияз тактады.

Эгер ММК арасында айрым бир каражаттар бийликке жакпай кала турган болсо, бул мыйзам долбоору аларды каттоодон четтетип, же жаап салуу үчүн манипуляциялык курал болуп калбайбы?- деген суроону депутат Н.Никитенко берди.

Депутат Д.Бекешев, - “ММК каттоодон өткөрүү союздун убагындагы талаптардын бири. Ошондуктан, бул ыкманы колдонуунун зарылчылыгы жок”, - деген пкиирин ортого салды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости