www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кызматка дайындалып жатканда алдыдагы пландарынын чекесин чыгарды. Эң эле амбициялуусу — бюджетти кийинки жылы 2,5 эсе көбөйтүү болду. Ошондой эле ал ага акыркы шанс берилип жатканын белгилеп, бардык күч-аракетин жумшап иштөөгө сөз берди.

Sputnik Кыргызстан агенттиги Жапаровдун убадаларын тизмектеди.

Биздин муундагы саясатчыларга дагы бир жолу, балким, акыркы шанс берилип жатат. Мен аны 100 пайыз колдонууга бар күчүмдү жумшайм деп сөз бере алам.

Республикалык бюджетти быйыл 280 миллиард сом менен жабабыз. Жыл башында 172,9 миллиард сом болуп бекитилген болчу. 2022-жылы 400 миллиард сомго, 2023-жылы 500 миллиардга, 2024-жылга 600 миллиардга жеткиребиз.

Кийинки жылы мугалимдердин айлыгы эки эсе көбөйтүлөт. Муну менен эле токтобой, "кимге турмушка чыгасың?" десе "мугалимге" деген деңгээлге чейин чыгарабыз.

2022-жылы биринчи кезекте дарыгер, маданият кызматкерлеринин да маянасын көбөйтүү каралат;

Кыргызстандын кооз жерлери жайгашкан туристтик аймактарга каттаган жолдордун баары кийинки жылы жазда оңдолуп, асфальт төшөлөт.

Күрөшкө катышкан кыз-келиндер үчүн быйыл машыгуу залын куруп берүүгө даярбыз.

Кытайдан товар ташуунун көлөмү көбөйөт. 15-октябрдан тарта «Торугарт» бекетинен өткөрүлгөн машиналардын саны 32ден 64кө, «Эркечтамдан» 22ден 44кө чыгат.

Эптеп жашоо үчүн эмес, элге татыктуу жашоону камсыз кылуу үчүн бардык күчүбүздү жумшоого милдеттүүбүз.

Өлкөнү өнүктүрө турган төрт факторго катуу көңүл бурабыз — капиталга болгон жеткиликтүүлүк, технологияга болгон жеткиликтүүлүк, жер ресурстарын эффективдүү пайдалануу, адам капиталынын өндүрүмдүүлүгү;

Экономиканы көтөрүүдөгү төрт фактор — экономиканы фискалдаштыруу жана санариптештирүү, айыл чарбасын реформалоо жана азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу, чакан жана орто бизнести колдоо, көмүскө экономика менен күрөшүү;

Байлар көбүрөөк салык төлөшү керек. Ошол эле учурда мамлекет тарабынан жеңилдетилген насыялар берилиши шарт. Дүйнө жүзүндө баары ошондой. Байлар дагы жумушчу орун түзүп, элди багып жатат. Салыктарын төлөсө биз дагы жардам беребиз. Олигархтар болбош керек, бирок байлар болсун. Алардын колу-жолу аркылуу кедейлер жумуш менен камсыздалууда.

Биз беш эсе тез иштейбиз. Президент, парламент, өкмөттүн чечимдери аткаруучуларга беш эсе тез жетет. Биз аны көзөмөлдөөдө жаңы ыкмаларды пайдаланабыз.

Эскерте кетсек, 13-октябрда, Акылбек Жапаров башында турган министрлер кабинетинин жаңы курамы дайындалды. Түзүмү боюнча да бир топ өзгөрүүлөр болду.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости