www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Хьюман Райтс Вотч (HRW) уюму Өзбекстанда бийликтин оппоненттери президенттик шайлоого катышуу укугунан ажыраганын билдирип, ЖМКлардын эркиндиги чектелгенин эскертти. Эл аралык укук коргоо уюмунун 13-октябрда жарыялаган билдирүүсүндө бул чектөөлөр президент Шавкат Мирзиёев жүргүзүп жаткан реформалардын сапатынан кабар берээри айтылган.

“Өзбекстан реформаларды ишке ашыруу менен эл аралык коомчулуктун көңүлүн өзүнө бура алды. Бирок адам укуктарынын бузулушу жана шайлоодо кандайдыр бир оппозициянын же көз карандысыз талапкерлердин жоктугу алдыга умтулуунун чектелүү экенин көрсөттү ”, - деди Human Rights Watch уюмунун Европа жана Борбор Азия боюнча директору Хью Уильямсон.

Өзбекстандын учурдагы президенти Шавкат Мирзиёев буга чейин добуш берүү иштери эл аралык демократиялык стандарттарга ылайык жүрө турганын билдирген. Өзбек бийлиги оппозиция өкүлдөрү шайлоого катыштырылбаганын жана калк чыныгы тандоо мүмкүнчүлүгүнөн ажыратылганы тууралуу сын-пикирлерди четке кагып келет. Өзбекстанда президенттик шайлоо 24-октябрда өтөт. Мамлекетти башкарууга талапкер болгон беш кишинин арасында азыркы президент Шавкат Мирзиёев да бар.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости