www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзбекстанда "этикага туура келбеген" контент үчүн беш күнгө камакка алынган инста-блогер Севинч Садуллаева төрт күндөн кийин эркиндикке чыкты.

Блогердин апелляциялык арызын караган Ташкент шаардык соту беш күндүк жазаны төрт күнгө өзгөрттү.

Блогер Севинч Садуллаевага каршы Ташкент шаарынын акиминин орун басары Нодира Умарова арыз жазып, 11-ноябрда ал райондук соттун чечими менен беш күнгө административдик камакка алынган.

"Газете.uz" сайты укук коргоо органдарына шилтеме кылып кабарлагандай, административдик кылмыш ишин козгоого соцтармактарда Садуллаеванын катышуусундагы эротикалык видеолордун жана сүрөттөрдүн тарашы себеп болгон.

20 жаштагы Севинч Садуллаева жасаган ишине өкүнүп жатканын, кичинекей баласы бар экенин айтып, ырайым кылууну өтүнгөн. Ал соцтармактарда тарап кеткен видео жана сүрөттөрү Инстаграмга бир нече ай мурун жарыялаганын белгилеген. Блогер жеңил жаза берүүнү сурап, мындан ары бул сыяктуу иштерге барбай турганын жана видео менен сүрөттөрдү өчүрөрүн айткан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости