www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жакында парламенттик шайлоого карата соодалашуу күч алып, социалдык тармакта сын-пикир күчөдү. Социалдык тармактагы айрым сын-пикирилерди окурмандарга сунуш кылып туралы.
--Алиги партияларда АЛА КАЧУУ деген салт жок окшойт ээ, сыягы? Өзүнчө эле Ананди менен Жагдиша болуп: башыңарды калчылдатып, эки тоонун чокусуна желмогуздай болуп отуруп алып озондошуп, онтошуп, соодалашып, сүйүшүп, күйүшүп эзилбестен тарс-тарс эле эңсеген адамдарыңардын буту-колун кайрып келип эле партияңардын көшөгөсүнө отургузуп койсоңор каяка качат эле? Кантсе да каны кыргыз да, арасынан кетет элем деген азоолор чыкса, партиясын жаштарга өткөрүп берем деп хайп кылган кемпир-чалдар көбөйдү го, ошолорду туурасынан жаткырып койсоңор, ызаасын көзүнүн жашынан чыгарып мурдуна чүлүк таккан өгүздөй болуп созулгандан созулуп отуруп калат келинпашаңар! Анан молдо чакырып никесин кыйгыла да шайлоого чейин көшөгөңөрдү көгөртүп, кызартып, чыңырышып, чымчышып жата бергиле... Анан эле нервге тийип сунуш кылып былжырап жүрөсүңөр. Кыргызда кыз же эркек калбай калгансып, бир эркекке же кызга бир учурда бешөөңөр арзууңарды билдирип үйүгүшкөн иттердин эң артында же көксөгөнүн албай же очереди жетпей шалпылдап ээрчип жүргөн кандектей болуп жүрөсүңөр баркыңарды кетирип... Давай нервге тийбей ала качкыла убакыт аз!Улуу салтта уят жок! Эркек болсоңор ФОТОМ!
P. S Мен муну июль айында жазып шайлоо жөнүндө жазышкан группага койгон элем. Иши кылса ала кача албай коюшту. Жаш токолдорун көрөбүз го? Беш пияз айдап койсо министр болсун деп кыйкырткандарды, -деп жазды эркин журналист Асейин Саралаев өзүнүн социалдык баракчасына.
Булак: NazarNews.kg